Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу маалымат берүү үчүн президентке кире албай жатат. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында акыйкатчы өзү айтты.
"Мени президентке киргизбей жатышат", - деди ал.
Жогорку Кеңеш буга чейин акыйкатчыны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу демилгесин көтөрүп чыккан болчу. Депутаттардын көбү "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетишине акыйкатчы көмөктөшкөн деп эсептейт. Ал эми Акун өзү буга эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)