Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Акун: Бомба жарбайм, өзүм жарылам


Ушу тапта парламентте депутаттар акыйкатчы Турсунбек Акундун маалыматын угууда. "Криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетишине көмөктөшкөн деп депутаттар акыйкатчыны кызматтан алуу маселесин көтөрүп жатат. Ал эми Акун буга эч тиешеси жок экенин, Батукаев тууралуу маалыматты журналисттерге Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин телефон чалуусунан кийин бергенин айтты:

- Мен бомба жардыргыч эмесмин, бирок өзүм жарыла тургандай абалдамын. Себеби бомбага тете окуялар болгон. Мен ал сөздү (Батукаев тууралуу - ред.) айтканга мажбур болгом. Табалдиев чалып "кечээ Батукаев бошоп кеткен экен, ушул адам боюнча бир комментарий берип койчу, биз берсек уят болуп калат, биз мамлекеттик органбыз" деди. Мен жаман оюм жок айтып салдым. Кийин билсем, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Жаза аткаруу кызматы, Табалдиеви, баары биригип алып мени алдыга салып, "крайний" кылалы дептир, - деди ал.

Батукаев бошонуп кеткендин эртеси Акун журналисттерге интервью берип, ал айыккыс ооруга чалдыккандыктан чыгарылып жатканын айткан болчу. Акыйкатчы ошондой эле Батукаевдин чыгып кетишине баш прокурор Аида Салянова, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана парламенттик комиссиянын бул боюнча корутундусунда айтылган аткаминерлердин баары күнөөлүү деген пикирин айтты. Ал эми "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге карата соттук-психиатриялык экспертиза президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин көрсөтмөсү боюнча уюштурулганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG