Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

ТИМ Транзиттик борбор боюнча АКШ элчисине түшүндүрмө берди


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн АКШнын элчиси Памела Спратлен менен жолукту. Кыргыз тарап "Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча чечим кабыл алганын кабарлап, түшүндүрмө берди. Тараптар ошондой эле кызматташтыктын азыркы абалын талкуулап, актуалдуу маселелер боюнча жолугушууларды дайыма өткөрүп турууну чечти. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор боюнча макулдашууну денонсациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага чейин бул документ парламентте дээрлик бир добуштан колдоого ээ болгон. Эми аталган макулдашуу мурдагы мөөнөтүнөн жарым жыл мурда, 2014-жылдын 11-июлунда күчүн жоготот. Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG