Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Африкада сапарда жүргөн Барак Обама Сенегалга барат


АКШнын президенти Барак Обаманын Африка өлкөлөрүндөгү бир апталык сапары башталды. Бейшемби күнгө Сенегалдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр белгиленген. Обаманы анын үй-бүлө мүчөлөрү коштоп жүрүшөт. Американын лидери Түштүк Африка Республикасына жана Танзанияга да барат.

Түштүк Африкада Обама Роббенэйланд аралына да бармакчы, ал жакта Түштүк Африканын мурдагы президенти, апартеиддерге каршы күрөшкөн Нельсон Мандела 27 жыл түрмөдө отурган. Айдын башында Мандела ооруканага түшүп, азыр анын абалы өтө оор. (AiK)

XS
SM
MD
LG