Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШ сенаторлору Каримовду журналисттерди бошотууга чакырды


Америкалык 12 сенатор Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду эки журналист жана бир укук коргоочуну түрмөдөн "тез арада" чыгарууга үндөштү. Сенаторлордун пикиринде алар өз кесиби үчүн камалышкан.

Каримовдун атына жазылган катта сенаторлор журналисттер Салижон Абдурахманов жана Дилмурод Саидовдун, укук коргоочу Акзам Тургуновдун эркиндикке чыгышы «эки тараптуу мамилелердин бекемделишине» алып келет деп белгилешет.

Ошондой эле конгрессмендер үчөөнүн ден соолугунун абалы боюнча маалыматты сурашты. Аларды укук коргоочу уюмдар, Бириккен улуттар уюмдун камоолор боюнча иш тобу "абийир туткундары" деп таанышкан.

Сөз эркиндигин коргогон «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дагы бир жолу Абдурахмановду бошотуу чакырыгы менен чыкты. Уюмдун маалыматы боюнча журналист азыр “чоң коркунучта”. «Чек арасыз кабарчылар» түрмөдөн кесиби үчүн камалган 9 журналисттин чыгышын да талап кылууда (AiK).

XS
SM
MD
LG