Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Турсунбек Акун реанимацияда калууда


Кечээ Жогорку Кеңеш акыйкатчылыктан бошоткон Турсунбек Акун учурда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимациясында жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уулу Расул Турсунбеков кабарлады. Анын айтымында, Турсунбек Акун толугу менен эсине келе элек, дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.

Турсунбек Акун кечээ парламентте акыйкатчынын маселеси талкууланып жаткан учурда эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган.

Бирок ага удаа эле Жогорку Кеңеш депутаттары акыйкатчынын ишмердүүлүгүн текшерген комиссия корутундусунун негизинде Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошоткон. Аталган депутаттык комиссия өз корутундусунда акыйкатчыны "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине, айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыптап, кызматтан алууну сунуштаган. Бирок Турсунбек Акун бул корутундуга макул болбой, Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG