Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Токтонасыров БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө нааразы


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу өзү кабарлады. Укук коргоочу кечээ Бишкектеги БУУ өкүлчүлүгүнүн алдында кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга көмөктөшүүнү суранып акция өткөргөн. Бирок эл аралык уюм кызматкерлери көңүл бурган эмес:

-Бишкектеги БУУ өкүлчүлүгүн кызматкерлери адам укуктарынын бузулушуна көзүн жуумп жатат. Алар кагаз жүзүндө адам укуктары тууралуу акыл үйрөткөндү жакшы көрүшөт. Бирок чынында адамдын укугу бузулуп, күнөөсүз жаран өлгөнүнө маани бербей, ал боюнча акция өткөрсөк да өз мамилесин билдирген жок-деп билдирди укук коргоочу.

Өндүрүш Токтонасыров БУУ өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясын бүгүн да улантарын билдирди. Анда кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга жана Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө жардам берүүнү суранат.

19-июнь кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG