Жогорку Кеңеш депутаттары бейшембидеги жыйында “Альфа Телеком” ишканасынын мамлекеттик үлүшүн сатыкка чыгаруу боюнча өкмөттүн токтомун колдоду. Мындай токтомго жыйынга катышкан 94 депутаттын 59у макул болду.
Экономика министри Темир Сариевдин парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул ишкананын мамлекеттик 49 пайыздык үлүшү боюнча сотко арыздангандар көбөйүп, анын баасы төмөндөп жатат. Ошого байланыштуу өкмөт сатыкка чыгарууну чечкенин билдирди.
“Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын 49 пайыздык үлүшү 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган.(BkA)