15-июлдан тарта баштала турган бул долбоорду Демократияны колдоо боюнча коомдук фонд жана Эл аралык республикалык институту ишке ашырган жатат. Анда жаштар парламентинин курамын ар кыл аймактан тандалган 18 жаштан 29 жашка чейинки 40 улан-кыз түзөт. Алар 1,5 жыл мөөнөткө мыйзамдарды иштеп чыгуу, ар кыл долбоорлорду жазууну үйрөнөт. Уюштуруучулардын билдиришинче, Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жаткан долбоор саясатчыларды тарбиялоо максатын көздөп, аларга саясий багытын аныктоого жардам берет.
Буга чейин 2011-жылы дал ушундай долбоор ишке ашырылган болчу.(BkA)
Буга чейин 2011-жылы дал ушундай долбоор ишке ашырылган болчу.(BkA)