Бозгунда жүргөн уйгурлардын эки уюму эл аралык коомчулукка Шинжаң уйгур автономиялуу районунда болгон кагылышта набыт болгон 27 адамдын өлүмүн көз карандасыз иликтөөгө чакырды. Мындай демилге менен АКШдагы уйгурлар ассоциациясы жана Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк уйгурлардын конгресси чыкты.
АКШдагы уйгурлар ассоциациясы президенти Алим Сеитовдун айтымында, бул окуяда шек туудурган жагдайлар арбын болууда. Учурда тополоң болгон Луккун аймагына эч ким киргизилбей жатат. France Presse маалымат агенттигинин жазышынча, бул аймакка кеткен жолду полиция тороп турат. Ага чейин Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттиги шаршембиде таңга маал шамшар бычактар менен куралданган бейбаштар тобу Луккун шаарчасындагы полиция бөлүмүнө, өкмөттүк мекемелерге, курулуштарга кол салганын, адамдарды бычактап, полициянын машинелерине өрт койгонун жазып чыккан.
Мунай кендерин өздөштүрүү үчүн акыркы жылдарды аймакка бир нече миллион хан кытайлар көчүрүлгөнү этностук жаңжалдарды ырбатып, буга чейинки улут аралык чатакта жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн.