Курултай институту Кыргызстанда конституциялык негизде бекемделип, мыйзамдаштырылышы керек. Мындай талапты койгон жүздөй адам ушу тапта Бишкектин борбордук аянтында чогулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, акция өтүп жаткан жерди милиция кайтарууда.
Митингчилер курултай институту киргизилген жаңы Баш мыйзам кабыл алынышы керек деп эсептейт. Аны "Кыргыз биригүү кыймылы" деп аталган уюм уюштурууда.
Ушундай эле демилге менен мурда чыккан "Улуттук Улуу курултай" кыймылы 250 адамдан турган демилгелүү топ түзгөн. Бул топ, эгер Борбордук шайлоо комиссиясы уруксат берсе, өлкөнү кыдырып кол топтоого өтөт. Азыр алар БШКнын жообун күтүүдө. (ZB/RK)