Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө "алтын" сертификаттарды тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев быйыл мектепти аяктаган 48 бүтүрүүчүгө "алтын" сертификаттарды тапшырды. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жолугушууга 48 мыкты бүтүрүүчү катышты. Алардын дээрлик баардыгы Бишкектен. Бир бүтүрүүчү Кадамжайдагы лицейде окуган, бирөө Жалал-Абаддан келди жана Ош, Чүй облустарынан да бирден гана өкүл бар.

Сертификаттарды тапшырып жатып мамлекет башчы жаштар илим-билимге кызыгуусун арттырышы керектигин айтты. Мыкты бүтүрүүчүлөр арасында аймактардан келгендер өтө аз болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле бүгүн Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайларда билим алып жаткан 27 мыкты студентке президенттик стипендия тапшырылып тураарын айтты. Алгачкысын өзү тапшырды. Бул улан-кыздар эми бир окуу жылы бою ай сайын 3000 сомдон президенттик стипендия алып турат. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG