Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Камчы Көлбаевдин соту убактылуу токтотулду


Камчы Көлбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү убактылуу токтоду. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Буга соттолуучунун ден соолугу начарлаганы себеп болду. Адвокаттын айтымында, Көлбаев башы ооруп доктурларга кайрылган. Дарыгерлер ал толук медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарылдыгын айткандыктан ага чейин сот убактылуу токтоду. Буга чейинки эки отурум да Көлбаев ооруп келбегендиктен болбой калган.

Көлбаевге кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген деген сыяктуу 10 берене боюнча айып тагылууда. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет. Тергөө учурунда ага каршы көрсөтмө берген жабырлануучулар да, күбөлөр да сотто мурда айткан сөздөрүн танып, Көлбаевге эч доосу жок экенин айтууда.

2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалганы кабарланган. Былтыр декабрда Камчы Көлбаев Кыргызстанга келип, андан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. (RK/EBM)

XS
SM
MD
LG