Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Турсунбек Акун дагы эле реанимацияда


Кыргызстандын акыйкатчысы кызматынан алынган Турсунбек Акун дагы эле реанимацияда жатат. Президенттин иш башкармалыгына караштуу оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сыйнагүл Ибраеванын "Азаттыкка" айтымында, акыйкатчы эс-учунда эле. Абалын дарыгерлер орто, өтө оор эмес деп баалап жатат.

Турсунбек Акун кечээ парламентте аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда четтетүү маселеси кызуу талкууланып жатканда фойеден эс-учун жоготуп жыгылган. Криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошонуп кетишине, акыйкатчы аппаратындагы каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар жана Жапонияга барганда кыргыз бийлигине карата одоно сын айткан деген айып менен Жогорку Кеңештин депутаттары аны иштен алуу керек деген чечим чыгарды. Акун өзү бул айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып, депутаттарды сотко берээрин кечээ "Азаттыкка" билдирген болчу. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG