Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Мамытов: Каптагаев боюнча талап өкмөткө жеткирилди


Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов өкмөттүн Көлгө дайындалган жаңы өкүлү Эмилбек Каптагаев боюнча митингчилер койгон талапты премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жеткирди. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттыкка" билдирди.

Каптагаев көлгө жетекчи болуп 26-июнда дайындалган. 27-июнда Жети-Өгүздө Кумтөр маселесине байланыштуу чогулган митингчилер анын кызматтан кетишин талап кылганын "Азаттыкка" митингдин катышуучусу Кубат Токсобаев кабарлаган.
Анын айтымында, нааразылык акцияга келгендер Каптагаев Кумтөр боюнча коюлуп жаткан талаптарды аткара албайт деп эсептейт. Анын ордуна 15 күндүн ичинде башка кишини дайындоону талап кылып эки жүздөй адам Кызыл-Суу айылынан чыгып Караколго барган. Алар менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, бул талапты өкмөт башчыга жеткирээрин айткан.

Кечээ Жети-Өгүздүн борбору Кызыл-Суу айылынын Маданият үйүнө беш жүздөй киши чогулуп Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу канадалык инвестор менен кабыл алынган келишимди жокко чыгарууну талап кылган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG