Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Дартак-Дөбө айылындагы Томаяк сайынан сел түшүп Кербен-Таш – Көмүр унаа жолунун 35-40-чакырымдарында жол каттам токтоп калды жана 40 чакты кой-эчкини сел агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Учурда аталган жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Райондун бир катар башка айылдарында да селдин айынан жолдорго жана көпүрөлөргө коркунуч жаралууда. Мукур айылындагы Шоро чегинде 35 кВт электр мамычасы кулап, 373 кожолук электр энергиясы жок калды. Селден ошондой эле Токтогул районунун жана Нарындын Жумгал, Нарын райондорунун айрым айылдары жабыркады.
Синоптиктердин айтымында, 1-июлга чейин катуу жаандын айынан тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат. (RK)
Синоптиктердин айтымында, 1-июлга чейин катуу жаандын айынан тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат. (RK)