Өлкөдө оппозициялык “Мусават” партиясынын лидеринин кеңешчиси “бейбаштык” үчүн камалды. Жумурияттын түштүгүндөгү Ланкаран районунда Ядигар Садиковду милиция кечээ үйүнөн кармап кеткенин “Мусават” партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы “Азаттыкка” айтты. Садиковду азыр “бир кишини уруп-сабаган” деп айыпташууда.
Азербайжандын Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Садиковдун кармалышы анын саясий ишмердүүлүгү менен байланышкан нерсе эмес, ошон үчүн алар “Азаттыктан” “ишти саясатташтырбоону” суранышты.
“Мусават” - өлкөдөгү эң эски саясий партия, ал 1993-жылдан бери бийликтеги “Жаңы Азербайжан партиясына” оппозицияда турат.