Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Евробиримдик: Сербия боюнча сүйлөшүү, Хорватиянын мүчөлүгү башталууда


Евробиримдик Сербиянын шаркетке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат берди. Бул тууралуу маселе бүгүн Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммитинде каралды. Эми мүчөлүк жөнүндөгү талкуулар январга чейин башталышы керек. Биримдик Сербияга мүчөлүк алыш үчүн негизги талабы катары “Косово менен мамилесин оңдоону” атаган эле.

Мурдагы Югославиянын өлкөлөрүнүн ичинен дагы бир мамлекет – Хорватия – 1-июлдан тарта Евробиримдиктин 28-мүчөсү болуп киргени турат. Бүгүн бул тууралуу сөзүндө Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу: "Ушул дем алыш күндөрү Европа кеңешинин президенти Херман Ван Рөмпөй менен бирге мен да Загребге барып, Хорватияны Евробиримдикке киргени менен куттуктайм, - деди. - Хорватия дайыма эле европалык өлкө болуп келген, эми биримдиктин толук мүчөсү болмокчу".

XS
SM
MD
LG