Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Турсунбек Акун реанимациядан чыкты


Мындай маалыматты президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Синагүл Ибраева “Азаттыкка” билдирди. Акыйкатчы бүгүн палатага чыгарылды, абалы дурус, тамактанып, сүйлөп жатат.

Дарыгер буга чейин Акундун абалы дурус экенин билдирген. Бүгүн башын аппаратка тарттырганда кооптуу дарт табылбаганын, мурдагы жараатынын калдыктары көрүнүп жатканын кошумчалады.

Турсунбек Акун 27-июнда парламентте акыйкатчынын маселеси талкууланып жаткан кезде эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган. (AKu)

XS
SM
MD
LG