Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Кытай: Хотанда кайрадан калаба болду


Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунда кайрадан коогалаң болду. Өкмөттүк “Global Times” гезитинин кабарлашынча, жума күнү мотоциклчен жана шамшар бычактар менен куралданган 100дөн ашык адам уйгур калктуу Хотан районундагы полициякананы басып алганга аракет кылган. Маалыматта окуя “террордук чабуул” деп сыпатталып, эмне болгону кеңири айтылбайт. Апта башында Шинжаңда болгон тополоңдо 35 киши өлгөнү ырасмий кабарланган. Аймакта, соңку маалыматтар боюнча, 2009-жылдын 5-июлундагы кандуу булоондун төрт жылдыгы алдында зобун-зордук менен коштолгон бир нече эрегиш болду. Төрт жыл мурдакы калабада 200дөй адамдын каны төгүлгөн. Жергиликтүү уйгурлар Кытай бийликтерин Шинжаңга миллиондогон хан кытайларды көчүрүп келип, аларга ашыкча колдоо көрсөтүүдө деп сындап жүрөт.

XS
SM
MD
LG