Жума күнү Александрия шаарында президент Мурсинин жактоочулары менен анын бийликтен кетүүсүн талап кылгандар ортосундагы тиреште эки адам, анын ичинде бир америкалык өлгөнү кабарланды. Үчүнчү жаран Порт Саиддеги кагылышта мерт болгон. Бийликке нааразылар Александрия жана башка шаарларда Мохаммед Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылынын кеңселерине өрт коюшканы айтылат. Оппозиция жекшемби күнү Мурсинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган ири демонстрация өткөргөнү жатат.
Буга байланыштуу Кошмо Штаттар Каирдеги элчиканасындагы айрым кызматкерлери эвакуация болорун жарыя кылды жана америкалыктарды Египетке барбай турганга чакырды.
Буга байланыштуу Кошмо Штаттар Каирдеги элчиканасындагы айрым кызматкерлери эвакуация болорун жарыя кылды жана америкалыктарды Египетке барбай турганга чакырды.