Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Филиппиндердин Кыргызстандагы жаңы элчиси Доминго Лученарио менен жолукту. Резиденциясы Пакистанда жайгашкан элчи тышкы иштер министрине ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Эки тарап өлкөлөрдүн мамилесин, саясий диалогун өнүктүрүү жана укуктук келишимдерин кеңейтүү тууралуу сүйлөштү.
Министр бүгүн ошондой эле Замбиянын элчиси Шумба Хапунда менен жолукту. Министр бул элчиден да ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн алды. Жолугушууда Эрлан Абдылдаев Шумба Хапунданы Кыргызстанда элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Африка өлкөсү Замбиянын резиденциясы Москвада жайгашкан. (AKu/TTo)