Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Президент Бердимухаммедов туулган күнүн майрамдады


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 56 жылдыгын белгиледи. Ишемби күнү Каспий деңизинин боюндагы Аваза курортунда болгон салтанатта америкалык поп ырчы Женифер Лопес, орусиялык Филип Киркоров, ошондой эле украиналык жана түркиялык ырчылар ырдап, Бердимухаммедовдун көңүлүн ачты. Деңиздеги салтанаттын көркүн 350 орундуу катамаран ачты. Концертти Женифер Лопес “Happy Birthday, Mister President!” - “Мырза президент, туулган күнүңүз менен!” деген ыр менен жапты. Лопестин чыгымын түркмөн газын Кытайга ташыган Кытай улуттук газ корпорациясы көтөрдү.

Эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Түркмөнстандагы бийликти “дүйнөдөгү эң репрессивдүү режим” деп сыпаттаган. Женифер Лопес газга карк жана тыш дүйнөгө жабык Түркмөнстанга барган батыштык биринчи чоң ырчы.

XS
SM
MD
LG