Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Британ премьери Астанада адам укугун сөз кылат


Бүгүн Казакстанга Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон ырасмий сапарга келет. Камеронду конокко президент Нурсултан Назарбаев былтыр Лондондо өткөн Жайкы Олимпиада оюндары кезде чакырган. Астанада эки лидер Казакстан-Британия ортосундагы экономикалык, анын ичинде отун-энергетика жана траспорт тармагындыгы кызматташууну бекемдөө тууралуу сүйлөшөөрү айтылууда.

Камерондун визити алдында эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Казакстандагы “адам укугунун өтө начар абалына”, ошондой эле “өкмөттү сындагандарды абакка салып, уруу-кыйноолорго” жана “маалымат каражаттарын катуу көзөмөлдөөгө” аябай тынчсызданганын билдирген. Ошондуктан Астанадагы сүйлөшүүдө премьер-министр Камерон адам укугу маселесин да козгошу боолгонууда.

XS
SM
MD
LG