Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Шинжаңда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Кытайдын коопсуздук күчтөрү Шинжаң уйгур автомиялык районунда коомдук жайлардагы черүүнү күчөттү. Бул кадамга барууга өткөн жумадагы коогалаңда 35 адамдын апаат болуусу түрткү бергени айтылууда. Өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттигинин коопсуздук кызматынын жетекчилигине шилтеп билдиришинче, полиция жана аскерлер кыраакы болуп, “террорчу топтордун” коркунучуна жол бербейт. Кытай бийликтери Шиңжаңдагы тирешүүлөрдү көбүн эсе “террорчулук” деп мүнөздөйт. 5-июлда 2009-жылкы 200 адамдын башын жеген кандуу булоондун төрт жылыгы болот.

Шинжаң уйгур автономиялуу районунун көпчүлүк калкы уйгурлар. Алар Кытай бийликтерин Шинжаңга миллиондогон хан кытайларды көчүрүп келип, аларга ашыкча колдоо көрсөтүүдө деп сындап жүрөт.

XS
SM
MD
LG