Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Ошто «Хизб-ут Тахрирдин» мүчөсү кармалды


Ош шаарында «Хизб-ут Тахрир» уюмуна мүчөлүккө үндөгөн каражаттарды үйүндө сактап жүргөн жаран кармалды. Кармалган адам Ош шаарынын тургуну, жашы 49да. Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн «Азаттыкка» билдиргендей, кармалган жарандын үйү анын үстүнөн түшкөн арыздардын негизинде, шаардык соттун уруксат кагазы менен текшерилген. Тинтүү учурунда үйдөн экстремисттик багыттагы 6 китеп, 7 даана диск табылган. Бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Замир Сыдыков билдиргендей, бул ушул жумада «Хизб-ут Тахрирге» мүчө деп шектелип кармалган үчүнчү адам. Андан мурдараак эки жаран кармалып, 25 даана экстремисттик мүнөздөгү китепче жана 9 даана диск алынган болчу.

«Хизб-ут Тахрир» Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG