Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Эл аралык адистер Кумтөр боюнча маалымат чогултат


Кумтөр боюнча эл аралык консультанттардын жыйынтык отчету Жогорку Кеңешке 10-сентябрга чейин берилиши керек. Мындай чечим «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүүлөр боюнча консультациялык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, июл-август айларында дүйнөдөгү алтын казып алуу рыногундагы жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын өзүндөгү азыркы абал, Кумтөрдүн экологиясы, бийик тоолуу шартта тоо кен тармагын иштетүүнү жөнгө салган эл аралык мыйзамдар менен тажрыйба изилденип чыгат.

Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор «Centerra Gold Inc.» менен 2009-жылы кол коюлган макулдашууну кыргыз тараптын талабын эске алуу менен өзгөртүү, эгер ага макул болбосо, бул документти бузуу керектигин айтып өкмөткө кайрылган. Инвестор менен сүйлөшүүлөргө берилген үч айлык мөөнөт май айында аяктаган, бирок кайра күзгө чейин узартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG