Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Президент райондор аралык соттордун ордуна талапкерлер боюнча материалдарды кайтарды


Буга жарандардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн судьяларды сынактын негизде тандоодо кеткен кемчиликтер, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын позициясы себеп болгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларынын негизги себептеринин бири - сот системасындагы коррупция болгондугун бекемдеп, жаңыланган сот системасы адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин, таламдарын коргоонун натыйжалуу институтуна айланууга тийиш экендигин баса белгилеген.

Президент соттордун ишине жараша жарандардын бүтүндөй бийликке жана мамлекетке болгон мамилеси калыптанат: эгерде сот адилеттүү чечим чыгарса – демек мамлекет да адилеттүү деп белгилеп, өзүнүн мамлекет башчысы катары конкурстук тандоонун жүрүшүндө орун алган мүчүлүштүктөр, жарандар жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү көрсөткөн кемчиликтерди көңүл буруусуз калтыра албасын бекемдеген.

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңештин чечими менен райондор аралык соттордун бош кызмат орундарына дайындоо үчүн 26 талапкер көрсөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG