Чек ара кызматынын маалымдашынча, коңшу мамлекеттердин жана кыргызстандык чек арачылардын балдары 30-июндан 10-июлга чейин Ысык-Көлдөгү “Дзержинец” санаторийинде эс алышмакчы. 12 жашка чейинки 30 бала эс алуу учурунда облустун тарыхый жерлерин көрүп, кооз аймактарга экскурсияга барышат.
Ушул эле күндөрү Өзбекстан тараптын чакыруусу менен кыргызстандык чек арачылардын балдары Ташкентте жана Самарканд шаарында эс алып жатышат. Коңшулаш мамлекеттердин балдарын минтип эс алдыруу эки өлкөнүн ортосундагы достук жана ынтымак мамилени чыңдоо максатында ЕККУнун каржылоосу алдында жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)