Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

2-июлга карата аба ырайы


Синоптиктердин маалымдашынча, 2-июль күнү тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүзү 29...34 градус ысык болот. Талас, Баткен облустарында түнкүсүн 11...17, күндүзү 26...32 градус ысыйт. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүзү 29...34 градуска чейин жетет. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 9...14, күндүзү 22...28 градус ысык болот. Тоолордо түнкүсүн 0...5, күндүзү 9...14 градус жылуу болот.

2-июлда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 16...18, күндүзгү температурасы 32...34 градуска көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG