Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

АКШ элчилиги Транзиттик борбор боюнча билдирүү жасады


Билдирүүдө элчилик кыргыз бийлиги менен жакында кабыл алынган Жүк ташуу борбору боюнча мыйзам тууралуу кеңешме жүргүзүп жатканы, АКШ элчиси Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен бул маселе боюнча натыйжалуу жолугушуу өткөргөнү айтылат.
“2014-жылдын июль айынан кийинки Транзиттик жүк ташуу борборунун келечеги - кыргыз бийлигинин суверендүү чечими. Ал Ооганстандын стабилдүүлүгүнө салым кошуу жана транзиттик жүк ташуу борборунун кыргыз экономикасына болгон таасирин камтыган Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына негизделген деп билебиз. Транзиттик жүк ташуу борборунун бир эле миссиясы бар деп АКШ белгилеп кеткиси келет. Ал Ооганстанда коопсуздукту жана туруктуулукту орнотуу үчүн АКШ аскерлерин жана Эл аралык коопсуздук күчтөрүн колдоо. Борбордун башка иш аракеттери жөнүндө маалымат чындыкка туура келбейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-июнда кол койгон мыйзамга ылайык, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча келишим 2014-жылдын июль айында күчүн жоготот.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы террордук чабуулдан кийин, Ооганстандын туруктуулугун колдоо максатында АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн коалициясы “Манас” эл аралык аэропортунда “Ганси” базасын орноткон. Кийинчерээк анын аталышы “Манас” деп өзгөртүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG