Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Пакистандагы жардыруулардан 50 адам набыт кетти


Пакистандын түштүк-чыгыштагы Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарында жекшемби күнү шииттердин мечитинин жанында жардыруу болуп, 28 адам мерт кетти, ондогон адамдар жараат алышты. Полициянын айтымында, биринчи колдо жасалган граната жарылган, корккон адамдар мечитке чуркашканда, экинчи жардыруу ал жакта орун алган. Бирок полиция мечитке кирем деген жанкечтиге бөгөт кое алган.

Ушул эле күнү 17 адам каза болду, ондогон адамдар жарадар болушкан. Ичинде жардыргыч заты бар унаа Пешавар шаарынын жанында жарылган.

Түндүк Вазиристандагы аскердик колоннанын жанында минанын жарылышы 4 аскердин өмүрүн алган.

Азырынча бул чабуулдар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек (AiK)

XS
SM
MD
LG