Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Бишкекте сот чечимдерин талкуулоочу аянтча түзүлдү


Сот тарабынан чыгарылган өкүм-чечимдерди талкуулоочу аянтча түзүү демилгеси мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов тарабынан көтөрүлгөн. Демилгени “Ата-Журт” партиясы колдоого алды. Сот чечимдерин талкуулоочу аянтча боюнча бүгүн жумушчу топ түзүлүп, анын жетекчилигине Марат Кайыпов дайындалды.

Уюштуруучулардын айтуусунда? бул демилге Кыргызстанда соттордун чечими көп учурда адилетсиз чыкканы, ошондой эле аны талкуулаган эч кандай институттар жоктугунан улам көтөрүлгөн.

“Ата Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов 17-июнда Бишкек шаардык соту тарабынан акталып чыгышкан. Алар өткөн жылдын 3-октябрында “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган” деген айып менен камакка алынышкан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG