Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:26

Грузияда президенттик шайлоо 27-октябрда өтөт


Бул боюнча буйрукка өлкөнүн азыркы президенти Михаил Саакашвили кол койду. Ал өзү конституцияга ылайык президенттикке талапкер боло албайт, себеби 2004 жана 2008-жылы эки жолу президент болуп шайланган.

Азырынча үч талапкер белгилүү. “Грузин кыялы” башкаруучу коалициядан азыркы вице-премьер жана билим берүү министри Георгий Маргвелашвили сунушталды. Оппозициялык «Лейбористтик партия» лидери Шалва Нателашвилини сунуштады. Президенттикке дагы бир талапкер - парламенттин мурдагы спикери Нино Бурджанадзе. Президенттик партиядан талапкер июлдун акырына чейин аныкталат (AiK).

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG