Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Египет: Мурсиге каршылар армия талабын колдоду


Египет президенти Мухамед Мурсинин каршылары армия талабын колдоду. Буга чейин өлкөнүн коргоо министри Фаттах ас-Сиси Мурсинин тарапкерлери жана каршылары мунасага келиши үчүн аскерий жетекчилик 48 саат мөөнөт бергенин жарыялаган. Ага ылайык, эгерде тараптар бул мөөнөт ичинде мунасага жетише албаса, анда өлкөдөгү аскерий жетекчилик кризисти жөнгө салуу үчүн өз планын ишке ашырмакчы.

Жекшембиде Египеттеги каршылык акцияларын баштаган оппозициялык Rebel («Козголоңчу») кыймылы Мурси шейшембиге чейин кызматтан кетпесе жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрбөсө, анын бийлигине баш ийбей турганын эскерткен. Бул уюмдун өкүлдөрү ушул талапты колдогон 22 миң кол топтогонун жарыялады. Бул акциялар учурунда полиция менен демонстранттар кагылышып, 16 адам каза болгону кабарланууда. 600дөн ашуун адам жараат алган.

Демонстрациялар президенттин бир жылдык мөөнөтүнө карата уюшулган. Исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү Мухамед Мурси бир жыл мурунку президенттик шайлоодо утуп чыккан эле.

XS
SM
MD
LG