Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Кыргыз-казак чекисттери Аблязовдун жасалма паспортун иликтеп жатат


Кыргыз-казак чекисттери Аблязовго жасалма паспорт берүү фактысын иликтеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгына ылайык, Казакстандын атайын кызматы жасалма паспортко чапталган сүрөттүн Аблязовго таандык экенин тастыктаган. Учурда жасалма паспортту жасоого тиешелүү адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн жумада Мамлекеттик каттоо кызматы казакстандык банкир жана оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязовго Нурдин Осмонов деген ысым менен жасалма паспорт берилгенин билдирип чыккан. Анда аталган паспорт былтыр декабрь айында Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнөн даярдалганы, бул үчүн аталган бөлүмдүн бир кызматкери жоопкерчиликти моюнуна алганы да кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG