Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Путин: Сноуден Орусияда калса болот


Орусия президенти Владимир Путин АКШ чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусияда калса болоорун, бирок ал үчүн бир шартты аткарышы керектигин айтып чыкты.

Дүйшөмбү күнү бул боюнча сүйлөп жатып Путин Сноудендин Орусияда калышы үчүн “америкалык өнөктөштөрүбүзгө каршы иштерин токтотушу керек” деди. Сноуденди орусиялык атайын кызматтар менен кызматташат деген маалыматты төгүнгө чыгарып, аны чындык үчүн күрөшкөн адам деп атады. Ошол эле учурда Путин Орусия Сноуденди АКШга эч качан өткөрүп бербей турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Бир апта мурун Гонконгдон учуп чыккан Сноуден учурда Москвадагы “Шереметьево” аба майданынын транзиттик аймагында турат. Ага өз мекенинде америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ашкерелегени үчүн издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG