Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Ал мындай кадамын койгон талаптарына аталган кеңсе маани бербей жатканы менен түшүндүрдү. Токтонасыров кыргыз-өзбек чек арасында кыргыз жаранынын өлүмү боюнча өзбек чек арачыларынын жазага тартылышына, үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө БУУнун таасир этишин талап кылып, аталган кеңсенин алдында байма-бай акция өткөрүп жатат.
БУУнун Бишкектеги кеңсесинен азырынча бул боюнча маалымат берилбесин "Азаттыкка" телефон аркылуу билдиришти.
19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп эсептейт, бирок Кыргызстандын расмий органдарынын айтымында, Тагаевди өзбек чек арачылары 500 метр ичкери кирип келип өлтүргөн.(ZKo)