Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Баткен: Аркадагы мунай кени боюнча эки тараптуу жолугушуу өтөт


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» билдиришти.

Лейлек районунун Жаӊы-Жер айыл округунун Арка айылына жакын жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан өткөн жумада кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан болсо 80-жылдары түзүлгөн макулдашуу бар деп ооз эки билдиришкен. Бул маселе боюнча 3-июлда облустук деӊгээлде эки тараптуу жолугушуу өтөт. Жыйындан кийин бул жердеги мунай куурларынын макамы аныкталып, кандай шартта ким иштетиши ачыкталмакчы.

Жергиликтүү тургундар болсо чек арага жакын жерлерден кошуна өлкөлөр иштетип жаткан аймактарды Кыргызстанга өткөрүп алууну же болбосо тендер менен берип өлкө казынасына салык төлөтүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, Арка аймагынан Тажикстан өндүрүп жаткан мунайдан сырткары Бүргөндү аймагынан да Өзбекстан суткасына 20 тоннадай мунай өндүрүп, газ сактоо үчүн жер астынан пайдаланып жаткан 1,5 миӊ гектардай жердин салыгы үчүн эле 700 млн. сомдон ашуун карызы бар экени, аны өндүрүү үчүн жеригиликтүү бийликтин кайрылууларына Өзбекстан жооп бербей жатканы айтылып келет.(JsA)

XS
SM
MD
LG