Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Аба ырайы: Тоолордо жаан жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча 3-июль күнү Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17..22, күндүзү 31...36 градус ысык болот. Талас, Баткен облустарында түнкүсүн 14...21, күндүзү 29...34 градуска көтөрүлөт. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17...22, күндүзү 31...36 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 12...17, күндүзү 23...28 градус ысыйт, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүзү 24...29 градуска чыгат. Тоолордо түнкүсүн 0...5, күндүзү 9...14 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдагы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20...22, күндүзү 33...35 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG