Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Египет президенти Мурси аскерий жетекчиликтин талабын четке какты


Бүгүн Египет президенти Мухамед Мурси аскерий жетекчиликтин оппозиция менен 48 сааттын ичинде мунасага келүү шартын четке какты. Мурси өзүнүн улуттук жарашуу планына басым жасоодо.

Ал эми Мухамед Мурсинин каршылаштары армия талабын колдоду. Буга чейин өлкөнүн коргоо министри Фаттах ас-Сиси Мурсинин тарапкерлери жана каршылары мунасага келиши үчүн аскерий жетекчилик 48 саат мөөнөт бергенин жарыялаган. Ага ылайык, эгерде тараптар бул мөөнөт ичинде мунасага жетише албаса, анда өлкөдөгү аскерий жетекчилик кризисти жөнгө салуу үчүн өз планын ишке ашырмакчы. Бүгүн алтынчы болуп тышкы иштер министри Мухамед Камель Амр кызматтан кетти.

АКШ президенти Барак Обама Танзанияга жасаган сапары учурунда Мухамед Мурсини митингге чыккандардын талабын угууга үндөдү. Ал оппозициянын талабын эске алуу менен Египеттеги кырдаалды жөнгө салуу керектигин айткан.

Кечээ Каирде президент колдогон «Мусулман агайындар» исламчыл кыймылынын штаб-квартирасына чабуул жасоодо демонстранттардын арасынан 8 адам каза болду. Жекшемби күнү Египеттин бир нече шаарында Мурсинин кызматтан кетишин талап кылып миллиондогон адамдар көчөгө чыгышты. Анын каршылаштары Мурси исламчылдардын кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан өйдө койду, экономикалык көйгөйлөрдү чечпей жатат деп нааразы. (AiK)

XS
SM
MD
LG