Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Азербайжанда оппозиция президенттикке өз талапкерин аныктады


Белгилүү кинодраматург жана жазуучу Рустам Ибрагимбеков Азербайжандын бириккен оппозициясы - Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңешинен президенттикке талапкер болуп аныкталды. Сессиянын катышуучулары өткөөл мезгил боюнча меморандум кабыл алышты.

Ага ылайык, оппозициянын бирдиктүү талапкери президент болуп шайланса, бул кызматта эки жыл иштеши керек, эки жыл ичинде конституциялык жана шайлоо реформаларын өткөрүүгө милдеттенет.

Меморандумда президенттин укуктары чектелип, парламенттин функциялары кеңейет. Сот системасын көз карандысыз кылуу боюнча чаралар да каралган. Июндун башында бийликтеги партия "Ени Азербайжан" президенттикке азыркы президент Илхом Алиевдин талапкерлигин сунуштаган.

Азербайжанда президенттик шайлоо октябрга белгиленген. (AiK)

XS
SM
MD
LG