Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

“Нефтетрейдерлер” биримдигинин жетекчиси алмашты


Ассоциациянын негиздөөчүлөрү акыркы жыйынында президенттикке Медетбек Керимкуловду шайлашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын мурдагы президенти Жумакадыр Акенеев кабарлады.

Анын айтуусунда, уюмдун уставы боюнча президенттер эки жылда бир алмашат жана бир киши катары менен жетекчи болуп шайлана албайт, бир мөөнөттөн кийин кайра шайланса болот. Экономист Жумакадыр Акенеев “Нефтетрейдерлер” ассоциациясына президент болуп 2013-жылы шайланган.

Жаңы президент Медетбек Керимкулов мурунку убактарда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр, Бишкек шаарынын мэри жана башка бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG