Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Токтонасыровду БУУнун Бишкектеги өкүлү кабыл алды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду бүгүн БУУнун Бишкектеги туруктуу өкүлү Александр Аванесов иш бөлмөсүндө кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу өзү билдирди. Анын айтуусунда БУУнун өкүлү Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги менен өзбекстандык чек арачылардын колунан каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөө тууралуу маселени сүйлөшүп көрүүгө аракеттенерин билдирген.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюму кыргыз-өзбек чек арасында өлтүрүлгөн кыргыз жараны боюнча эч кандай реакция жасабай жатканына нааразылыгын билдирип, буга чейин бир нече жолу пикетке чыккан. Аракетине уюмдун Бишкек кеңсесинен эч кандай жооп болгон жок деп белгилеген укук коргоочу бүгүн Улуттар уюмунун Бишкектеги жетекчисин кызматтан алууну талап кылып, кеңсенин алдына “Александр Аванесов, кызматтан кет!” деген жазуу кармап, пикетке чыккан.

Токтонасыров буга чейин бир нече жолу кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга жана Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө жардам берүүнү суранып келген.

19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп эсептейт, бирок Кыргызстандын расмийлери Тагаевди өзбек чек арачылары 500 метр ичкери кирип келип өлтүргөнүн белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG