Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Египет: Мурси аскерий жетекчиликтин талабын четке какты


Египет президенти Мухаммед Мурси өлкөнүн аскерий жетекчилигинин талабын четке кагып, отставкага кетпей турганын жар салды. Шейшемби күнү кечинде сыналгы аркылуу кайрылуусунда Мурси акыркы нааразылык акцияларды мурдагы президент Хосни Мубарактын тарапкерлери уюштуруп жатат деп, конституциялык түзүлүштү сактай турганын билдирди.

Ошол эле учурда Мурси саясий каршылаштары менен мунаса табуу үчүн бир катар чечкиндүү кадамдарга барууга убада берди. Анын ичинде өкмөттүн курамын алмаштыруу да бар. Буга чейин өлкөнүн аскерий жетекчилиги Мурсинин тарапкерлери жана каршылары мунасага келиши үчүн 48 саат мөөнөт чектеген. Ага ылайык, эгерде тараптар бул мөөнөт ичинде мунасага жетише албаса, анда өлкөдөгү аскерий жетекчилик кризисти жөнгө салуу үчүн өз планын ишке ашырмакчы. Ал мөөнөт бүгүн кечинде аяктайт. Ал ортодо он миңдеген Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын баш калаа Каир баштаган бир нече шаардагы акциялары уланууда.

XS
SM
MD
LG