Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга келет


Кытай Компартиясынын Башкы катчысы Си Цзинпин Кыргызстанга күзүндө келет. Анын сапары учурунда Сары-Жаз дарыясына курулуучу бир нече ГЭСтер тууралуу маселе чечилет. Бул тууралуу КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Жалал-Абаддагы “Датка” подстанциясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтуусунда, келечекте Кыргызстан-Кытай жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу максатталууда. “Датка-Кемин-Алматы” деген аталыштагы жогорку чыңалуудагы электр линияларын Казакстанга чубоо максаты да бар",- дейт президент Алмазбек Атамбаев.

Бүгүн Жалал-Абадда “Датка” подстанциясынын ачылышы болду. Аталган подстанция Кыргызстандын түштүгүн электр энергиясы менен каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.(YA/ZKo)

XS
SM
MD
LG