Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Ош: Митингге чыккан барактыктар тарашты


Бүгүн Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн жанына нааразылыкка чыккан Барак айылынын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккандан кийин тарап кетишти. Алар Барак менен Кыргызстанды байланыштырган жол маселесин тез арада чечип берүүнү суранып чыгышкан. Андан сырткары, барактык жаштарга Кыргызстандын башка аймагынан турак-жай куруу үчүн жер ажыратылсын деген талапты айтышкан болчу.

Нааразылык акциясынын 30 чамалуу катышуучусу менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орунбасары Ахмаджан Махамадов жана Кара-Суу районунун акиминин орунбасары Мурадил Тешебаев жолукту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптарын бийликке жеткирүүгө убада беришти.
Барак айылы Кара-Суу районунун Ак-Жол айыл округуна карайт. Аталган айылдын башчысы Бурхан Ашуров «Азаттыкка» билдиргендей, барактык жашоочулар балдары үчүн Ак-Таш айыл округунун башка аймагынан жер сурап келишет, азырынча андан майнап чыга элек.

Барак айылы Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы эксклавы болуп эсептелет. Ал жерде 268 түтүн жашайт. Январь айында Баткендеги Сох анклавында чыккан чырдан кийин өзбек тарап Баракка кеткен жолду бир тараптуу жаап койгон. Ошондон бери алар эки өлкөнүн ортосундагы “Достук” өткөрмө пунктунан жана Кызыл-Кыя шаарына жакын өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга катташат. (SE)

XS
SM
MD
LG