Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Исламчыл жол башчы: Сочи олимпиадасын болтурбайбыз


"Түндүк Кавказда исламчыл козголоңчулардын" жол башчысы Сочи олимпиадасына жол бербөөгө чакырды. Өзүн көз карандысыз Кавказ Эмиратынын башчысымын деп жарыялаган Доку Умаров келерки жылы бир катар буталар менен катар, Орусиянын Сочи шаарында өтө турган олимпиада оюндарына кол салууга чакырды.

Бүгүн "Түндүк Кавказ исламчыл козголоңчулардын" интернет сайтындагы видеодо Умаров аймактагы жана Орусиянын башка региондорундагы бардык можахед согушкерлерди "көп сандаган мусулмандардын сөөгү көмүлгөн жерде шайтан оюндарын өткөрүүгө" жол бербөөгө чакырды. Умаров ошондой эле Кремл «биздин айкөлдүгүбүздү коркоктугубуз деп санагандыктан, буга чейинки «ыйык согуш» аракеттерине жарыялаган мораторийди токтотууга буйрук бердим» деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG