Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Орусия: оппозициячыл шаар башчысы кармалды


Орусиялык шаарда көзгө басаар оппозициячыл шаар башчысы камакка алынды.

Ярославлдын Иликтөө комитети шаар башчысы Евгений Урлашов 420 миң доллардык пара талап кылган деген шек боюнча үч орун басары менен кармалганын бышыктады.

Кармалгандан кийин Урлашов журналисттерге өзүнө коюлган кинени четке какты.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Андрей Пилипчук өз билдирүүсүндө "бул кызматкерлер шаарды тазалоо кызматы боюнча тендерде жеңип алган ишканадан пара сураган. Пара бербесе, шаар бийлиги менен түзүлгөн расмий келишимде каралган төлөмдү бердирбейбиз деп коркутушкан", - деп ырастады.

Оппозициядагы «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Владимир Зубков "Азаттыкка" Урлашовдун пара алганы чын болсо, оппозициянын аброюна шек келтирээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG