Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

"Мунапыс": КМШда күч менен кайтаруу өнөкөт иш


Укук коргоочу уюм КМШ өлкөлөрүндөгү "шектүү кылмышкерлерди мекенине күч менен кайтаруу программасын" сынга алды.

Эл аралык "Мунапыс" уюмунун жаңы отчетунда издөөдөгү адамдардын уурдалышы, дайынсыз жоголушу, экинчи тарапка мыйзамсыз өткөрүлүшү жана кыйноого алынышында Орусия, Украина менен катар Борбор Азия жумуриаттарынын тартип коргоо органдары жең ичинен келишип алып, иш алып барышарын айтып чыкты.

"Борбор Азияга күчкө салып кайтаруу" деп аталган отчетто аймактагы өкмөттөр өздөрү каалаган адамды КМШ өлкөлөрүнөн оңой эле чыгарып алышаары, бул аймактык атайын программага айлангандыгы айтылат.

Отчетко ылайык, кээде мындай аракеттерге Европалык Адам укуктар соту бут тоскон учурлар болгон менен, көп учурда «эл аралык мыйзамдарды каратып туруп көзгө илбей коюшат».

XS
SM
MD
LG